Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Москвада кармалган украиналык депутат бошотулду


Алексей Гончаренко
Алексей Гончаренко

Украина Жогорку Радасынын депутаты Алексей Гончаренко Москвадагы полиция бөлүмүнөн чыгарылды. Бул тууралуу депутаттын адвокаты Николай Полозов билдирди. Гончаренко 1-март күнү оппозиционер Борис Немцовду эскерүү маршында кармалган. Тергөө комитети ал “полицияга баш ийбегени үчүн” сурак берип жатканын билдирген эле. Маалым болгондой, депутатты өткөн жылы Одессада украиначыл жана орусиячыл күчтөр ортосунда болгон кагылышууга байланыштуу да суракка алышкан.

Депутаттын дагы бир адвокаты Марк Фейгин дүйшөмбү күнү сот болорун, иш Твер сотунда караларын билдирди. Учурда Гончаренко менен адвокаттары Москвадагы Украина элчилигинин аймагында. Жогорку Рада спикери Владимир Гройсман депутаттын кармалышы эл аралык нормаларды бузарын айтып, Тышкы иштер министрлигин бул боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG