Бүгүн Бишкекте аялдардын алгачкы Улуттук форуму башталат. Ал “Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду жана Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан Кыргызстан аялдар кыймылынын 90 жылдыгына карата уюштурулууда. Коомдо айымдардын ролун жогорулатууга багытталган форум 2-3-март күндөрү болот. Бүгүн төрт окуу жайда жана улуттук китепканада негизги беш маселе талкууланарын иш-чаранын медиа-координатору Топчугүл Шайдуллаева “Азаттыкка” билдирди:
- Биринчи маселе – аялдардын ден-соолугу, экинчиси - кыздардын билим алуусундагы тоскоолдуктар, үчүнчүсү - экономикалык укуктардын корголушу, төртүнчүсү - сот адилеттигине жетүүдөгү көйгөйлөр, бешинчиси - саясаттагы аялдардын ролу. Ушул беш маселе боюнча адистер сунуштарын айтып, катышуучулардын пикирлери талкууланат.
Эртең, 3-мартта Улуттук филармонияда сунуштар жалпы жыйында каралып, келечекте аткарыла турган иштер пландалат. Форумга коомдогу көрүнүктүү айымдар, ошондой эле жети облустан жалпысы 1200 аял катышат. (SE)