Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Раиса Атамбаева: Бишкекте ар бир алтынчы кыз жыныстык жашоосун 16 жашында баштайт


Кыргызстанда репродуктивдик ден соолук тармагында абал начарлап барат. Бул тууралуу Кыргызстандын биринчи айымы Раиса Атамбаева Бишкекте өтүп жаткан аялдардын улуттук форумунда айтты. Ал баш калаада өткөн изилдөөгө таянып, өспүрүм курактагы кыздар арасында бойго бүтүү жана бойдон алдыруу фактылары көбөйгөнүн баса белгиледи:

- Биз шаардагы 12 мектептеги 2 миңге жакын кыздан анонимдүү анкета алдык. Жыйынтыгында Бишкектеги ар бир алтынчы кыз жыныстык катнашка 16-17 жашында барары белгилүү болду.

Президенттин жубайы Раиса Атамбаева Кыргыз-орус (славян) университетинде жана Медициналык академияда акушерлик жана гигиена кафедрасында иштейт.

Кыргызстан аялдар кыймылынын 90 жылдыгына карата өтүп жаткан эки күндүк аялдар форуму 3-мартта Улуттук филармонияда жыйынтыкталып, келечекте аткарыла турган иштер пландалат.

Форумга коомдогу көрүнүктүү айымдар, ошондой эле жети облустан 1200 аял катышып жатат. (UEz)

XS
SM
MD
LG