Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Бишкекте саясатчылар Немцовду эскеришти


Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында саясатчылар жана жарандык активисттер чогулуп, Москвада үч күн мурда киши колдуу болгон саясатчы Борис Немцовду эскеришти. Аза күтүү иш-чарасына 30 чакты адам катышып, элчиликтин алдына гүл коюп, шам жагышты.

Оппозициялык депутаттар Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов жана мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун баштаган коомдук ишмерлер Немцовдун өлүмү демократияга каршы кол салуу болгонун айтып, буга расмий Кремлди айыпташты.

Оппозициячыл саясатчы Борис Немцовду белгисиз адам Москванын чок ортосунда 27-февралда атып кеткен. 1-март күнү Орусияда, Украинада жана Польшада аны эскерип миңдеген киши жүрүшкө чыкты.

Москвадагы акцияга 70 миңдей адам катышканын уюштуруучулар кабарлады. Бирок полиция демонстранттардын саны 21 миңдин тегерегинде болгонун айтууда. Ал эми байкоочулар кеминде 50 миңден ашуун адам чогулганын жазышты. (UEz)

XS
SM
MD
LG