Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:05

Президентти жандагандар кылмыш иштерге тиешеси бар-жогу териштирилет


"Президент Алмазбек Атамбаев Расул Умбеталиев аттуу жарандын президенттин айланасындагы бийлик төбөлдөрүнө кылмыш иш козгоо боюнча документтер бардыгы тууралуу билдирүүсүнөн улам бул маалыматты тыкыр иликтөөнү талап кылды", - деп билдирди өлкө башчынын кеңешчиси Фарди Ниязов. Анын айтымында, президент башкы көзөмөл органынын жаңы жетекчиси Индира Жолдубаевага бул маалымат боюнча бардык жагдайларды аныктоону тапшырды. Президент эгер жакын чөйрөсүндөгүлөр кылмыш иштерге аралашкан болсо жазасын алыш керек жана бул тууралуу коомчулук ачык билиш керек деп эсептейт.

Буга чейин маалымат каражаттарынын биринде саясатчы Расул Умбеталиев президенттин тегерегиндеги бир катар чиновниктерге кылмыш иши козголордо Аида Салянова кызматтан алынганы тууралуу пикирин айткан. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG