Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Парламент комитети эшек чуусун териштирүүнү өкмөткө тапшырды


Бүгүн Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитети эшек этинин чуусун 15-мартка чейин иликтеп, күнөөлүлөрдү жоопко тартуу боюнча өкмөткө тапшырма берди. Аталган комитеттин төрагасы Сайдулла Нышанов эгер аталган окуяга тиешелүу органдар чара көрбөсө өкмөттүн отставкасы талап кылынарын билдирди.

24-февралда КТРКнын журналисттери Чүйдүн Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринде жүздөгөн эшек союлуп, сатыкка даярдалып жатканын, эт баш калаадагы кафе-ресторандарга өткөрүлгөн болушу мүмкүн экенин айтып чыгышкан. Бирок бул иш менен алектенген ишкана эттин бир да килограммы Кыргызстанда сатылган эмес деп ишендирүүдө. Алардын айтымында, эшек эттери түрк компаниясы менен келишимдин негизинде Гонконгго жөнөтүүгө даярдалып жаткан. Учурда 601 эшектин эти муздаткычтарда сакталып турат. Ал эми эшектин баш-шыйрактары иттерге берилген. (UEz)

XS
SM
MD
LG