Линктер

шейшемби, 28-февраль, 2017 Бишкек убактысы 23:31

Укук коргоочу Беларус элчилигине жумуртка атууга аракет кылды


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Беларус бийлигинен Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенкону чакыртып алышын талап кылды. Ал элчиликтин алдына акцияга чыгып, “Денисенконун элчи болуп иштешине моралдык укугу жок” деген жазууларды кармап турду.

- Беларус бийлиги Бакиевдерди экстрадициялоо боюнча Атамбаевдин билдирүүсүнө Кыргызстан цивилизациялуу эмес өлкө деп мазактап жооп кайтарды. Андай болсо элчисин чакыртып алышсын. Мен ушуну талап кылам, - деди Токтонасыров.

Токтонасыров анын акциясына эч ким реакция кылбай койгондо элчилик имаратына жумуртка ыргытууга аракет кылды, бирок милиция ага жол берген жок.

Жарандык активист Бакиевди экстрадициялоо талабы менен буга чейин да Беларус элчилигинин алдына акцияга чыккан. 2010-жылдан бери Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү талабы кримтөбөл Анапияевдин өлүмүнөн кийин жанданды. Президент Атамбаев баш кесерлерди калкалап жатат деп Беларусту кескин айыптаган билдирүү тараткан. Беларус ТИМи муну негизсиз айыптоо катары баалап, президенттин билдирүүсү цивилизациялуу өлкө деңгээлинде эмес деп жооп кайтарган.(UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG