Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Ирак армиясы Тикритте ИМ тобуна каршы операция баштады


Ирак өкмөтүнүн күчтөрү Тикритти көздөй бара жатат. 28-февраль, 2015-жыл.
Ирак өкмөтүнүн күчтөрү Тикритти көздөй бара жатат. 28-февраль, 2015-жыл.

Мамлекеттик теле кабарлагандай, кеңири масштабдагы аскерий операция Тикритти “Ислам мамлекети” тобунан бошотууну көздөйт. Учурда аскерлер ИМ тобунун турумдарына сокку урууга киришти. Аларга шийит жана суннит согушкерлери, артиллерия, ошондой эле аскерий учактар да колдоо көргөзүүдө. Кабарларга караганда, ИМ тобунун согушкерлери Тикриттин сыртындагы айрым аймактарда курчоодо калышты.

Операция башталардан бир нече саат алдыда Ирактын премьери Хайдар ал-Абади Тикриттеги суннит урууларынын согушкерлерин “Ислам мамлекети” тобунан баш тартууга чакырып, аларга кечирим берилерин убада кылган болчу.

“Ислам мамлекети” тобу Ирактын мурдагы диктатору Саддам Хусеиндин кичи мекени Тикритти, ага коңшу жана суниттер жашаган Салахуддин провинциясын былтыр жайда ээлеп алышкан.

Тикрит - борбор Багдаддан 130 чакырымдай түндүк тарапта жайгашкан шаар. (UE)

XS
SM
MD
LG