Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Ооганстанда бомба жарылууларынан сегиз адамдын өмүрү кыйылды


Алардын баары жайкын тургундар. Нангархар провинциясынын полициясы кабарлагандай, Акчин деген райондо жол боюна көмүлгөн бомба жарылганда унаадагы алты жөн-жай тургун, анын ичинде эки аял жана эки жаш бала да мерт болду.

Мындан сырткары Жалалабад шаарында эки студент бомбага кабылып каза табышты. Бул жардыуулар үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

Талибан адатта жол боюна көмүлгөн бомбалар менен аскер кызматчыларын жана полицияны бутага алат. Бирок мындай чабуулдар учурунда өмүрү кыйылган жөн-жай тургундар да бир топ. (UE)

XS
SM
MD
LG