Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Немцовдун өлүмүнө күбө болгон Дурицкая Орусиядан чыгып кетти


Анна Дурицкая.
Анна Дурицкая.

Орусиялык саясатчы Борис Немцов Москвада атылган кезде анын жанында болгон украиналык фотомодель Анна Дурицкая 3-март күнү Москвадан Киевге учуп кетти.

Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Бир күн мурда Дурицкая телеканал аркылуу интервью берип, Немцовду атып кетишкенде анын жанында болгонун, бирок куралдын да, кылмышкерлер айдаган унаанын да маркасын эстеп калбаганын айткан. Ал “артынан кишилер түшүп”, Орусиядан чыгып кетишине тоскоол болуп жатканын билдирген болчу.

Саясатчы Борис Немцовду 27-февраль күнү түн ортосунда көчөдөн белгисиз кишилер атып кетишкен. Ал буга чейин орус президенти Путиндин сынчысы катары таанылган болчу.

XS
SM
MD
LG