Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Ирак аскерлери Тикрит шаарын согушкерлерден бошотууда


Ирактын аскерий техникасы
Ирактын аскерий техникасы

Ирак аскерлери Тикрит шаарын өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топтон кайтарып алуу боюнча ири чабуулдарды баштады.

Мамлекеттик телеканал тараткан маалыматка ылайык, өкмөт күчтөрү Багдаддан 130 километр алыста жайгашкан Тикрит калаасындагы согушкерлерге абадан жана жерден сокку урууда. Экстремисттик топ мүчөлөрү шаар сыртындагы айрым жерлерден кете баштаганы кабарланды.

Согушкерлерге каршы чабуулга 30 миңге жакын аскер катышып жатат. Алардын катарында шийиттерге таандык “Хашид Шааби” тобунун жана “Ислам мамлекетине” каршы жергиликтүү суннилер жамаатынын өкүлдөрү да бар.

Ирак аскерлери согушкерлерди негизинен суннилер байырлаган Салахиддин шаарынан да кууп чыкмакчы.

XS
SM
MD
LG