Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

Бүгүн Борис Немцовдун сөөгү жерге берилет


Борис Немцов өлтүрүлгөндөн кийин миңдеген кишилер аны эскерүү үчүн жүрүштөргө чыкты.
Борис Немцов өлтүрүлгөндөн кийин миңдеген кишилер аны эскерүү үчүн жүрүштөргө чыкты.

Москвада киши колдуу болгон оппозициячыл орус саясатчысы Борис Немцовдун сөөгү бүгүн жерге берилет.

Коштошуу зыйнатына катышуу үчүн келаткан Европалык бир катар саясатчылар Орусияга киргизилбегени айтылууда. Алардын арасында Польша Сенатынын спикери Богдан Борусевич да бар.

- Мен каза тапкан Борис Немцов жана ага пикирлеш орусиялыктарга урматымды көрсөтүү максатында келген элем,- деди Польшанын “Солидарность” кыймылынын жетекчилеринин бири Борусевич.

Кылмышты "чагым" деп атаган президент Владимир Путин коштошуу зыйнатына катышпайт.

2-март күнү орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Немцовдун өлүмүн “саясий максатта” пайдаланбоо керектигин билдирген.

Белгилүү оппозициялык саясатчы Немцовду 28-март күнү түн ортосунда көчөдө, Кремлдин жанында белгисиз кишилер атып кеткен. Кылмыш жасалган учурда Немцовдун жанында болгон украиналык фотомодель, 23 жаштагы Анна Дурицкая катуу суракка алынды. Ал дүйшөмбү күнү Москвадан Киевге учуп кетти.

XS
SM
MD
LG