Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Отунбаева: Жергиликтүү кеңештерде 13 пайыз гана аял бар


Роза Отунбаева
Роза Отунбаева

Экс-президент Роза Отунбаева аялдар форумунда сүйлөп жатып, жергиликтүү кеңештерде патриархалдык көрүнүш орун алганын билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү кеңеш депутаттарынын 13 гана пайызын аялдар түзөт.

- Биз аялдардын статусун көтөрүшүбүз керек. Аялдар кызматка кыйынчылык менен көтөрүлөт. Азыр бир да окуу жайда аял ректор жок, -деди Отунбаева.

Ал өлкөдөгү кыз ала качуу маселеси аялдардын кадыр-баркын түшүрүп, дүйнөлүк аренада Кыргызстанды уят кылып жатканын кошумчалады.

Кечээ башталган аялдардын улуттук форуму бүгүн жыйынтыкталып жатат. Форумга коомдогу көрүнүктүү айымдар, ошондой эле жети облустан келген миңден ашык аял катышып жатат. (KE/UEz)

XS
SM
MD
LG