Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Президент кыргыз элин Туу күнү менен куттуктады


Кыргыз туусу
Кыргыз туусу

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды бүгүнкү Туу күнү менен куттуктады.

- Биздин максатыбыз эгемендүү Кыргызстандын туусу көккө желбиреген эркин жана гүлдөгөн мамлекет куруу, мамлекет үчүн өз өмүрүн аябаган ата-бабаларыбыздын көксөгөн кыялын жана үмүтүн актоо, - деп айтылат өлкө башчысынын куттуктоосунда.

Кыргызстандын туусу тууралуу мыйзам 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган. Анын авторлору - Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.

Туунун кызыл түсү эрдиктин жана тайманбастыктын символу, ортосундагы күндүн элеси бейпилдик жана байлыкты чагылдырат. Ал эми күн нурунун ичиндеги түндүк - үй кутунун символу. Кырк нур - байыркы кырк уруунун биримдиги.(UEz)

XS
SM
MD
LG