Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

Москвада оппозиционер Борис Немцов менен коштошуу зыйнаты өтүүдө


Борис Немцов менен коштошуу, Москва, 3-март, 2015.
Борис Немцов менен коштошуу, Москва, 3-март, 2015.

Москвада 28-февралда киши колдуу болгон оппозициялык саясатчы Борис Немцов менен коштошуу зыйнаты Сахаров борборунда өтүп жатат. Маркум менен коштошууга жакындары, оппозициялык саясатчы, активисттер, бийликтен вице-премьер Аркадий Дворкович, Немцовдун саясаттагы мурдагы өнөктөрү “Росатом” ишканасынын жетекчиси Сергей Кириенко, “Роснано” ишканасынын төрагасы Анатолий Чубайс жана АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Тефт баштаган Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн элчилери катышууда.

Бирок оппозиционер менен коштошууга айрым адамдарга мүмкүнчүлүк берилген жок. Учурда он беш күндүк административдик жаза өтөп жаткан оппозициялык саясатчы Алексей Навальный катыша алган жок. Анын Немцов менен коштошууга кое берүү боюнча арызын дүйшөмбүдө Москванын Пресненск соту четке какты.

Ошондой эле Польшанын парламентинин спикери Богдан Борусевич менен Европарламенттин мүчөсү Сандра Калниетеге өлкөгө киришине орус бийликтери уруксат берген жок.

Белгилүү оппозициялык саясатчы Борис Немцовду 28-фервал түнү Кремлдин жанында белгисиз кишилер атып кеткен. Ал орус президенти Путиндин сынчысы катары таанылган эле. 55 жаштагы Немцовдун сөөгү Москвада Троекуров көрүстөнүнө коюлат.

XS
SM
MD
LG