Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Онтарио соту “Центерранын” 6,5 млн. акциясын тоңдурду


Онтарионун Жогорку соту “Centerra Gold Inc.” компаниясынын Кыргызстанга таандык 6,5 млн. акциясын убактылуу тоңдуруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, Канада соту латвиялык ишкер Валерий Белокондун арызынын негизинде ушундай чечим кабыл алган. 24-октябрда эл аралык Париж соту ишкердин арызын канааттандырып, “Манас” банкы үчүн ага 16,5 млн. доллар кенемте төлөп берүүнү милдеттендирген. Кыргыз өкмөтү болсо аталган сот чечимин тааныбай тургандыгын, соттошууну улантарын айтып келет.

Латвиянын жараны Валерий Белокон мурунку президент Курманбек Бакиевдин кенже уулу Максим Бакиевдин ишкердиктеги өнөктөшү катары белгилүү болчу. Ал Бакиев бийликте турган учурда Бишкекте “Манас” банкын түптөгөн. 2010-жылы Апрел окуясынан соң Убактылуу өкмөт аталган банкты мамлекетке алып, тыштан башкаруучу киргизген эле. (UEz)

XS
SM
MD
LG