Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:01

Казакстан: мектеп окуучулары жапырт эсин жоготту


Казакстандын батышындагы Березовка айылында төрт окуучу эстен танып жыгылды. Бул айылда ноябрдан бери миңден ашык адам эстен танып, өздөрүн жаман сезген эле.

Айылдын тургуну Тилек Темиргалиевдин “Азаттыктын” казак кызматына билдиришинче, 11 жаштагы уулу жана мектептин үч окуучусу 2-мартта эс-учун билбей жыгылып, райондук ооруканага жеткирилген. Бирок жергиликтүү дарыгерлер аларды ооруканага жаткыруудан баш тарткан.

Райондук оорукананын дарыгери Дарига Кабденова мындай окуя болгонун четке кагып, “айылдагы абал жакшы" экенин билдирүүдө.

Былтыр ноябрдан тарта айылдагы 1300гө жакын адам алсырап, эсин жоготкон эле.

Алардын көбү белгисиз газга уулангандар экени маалым болгон. Жергиликтүү тургундар айыл газдын көп запасы чыккан Карачаганак кенине чукул жайгашкандыктан, экологиялык кооптуу аймакта жашап жатышканын айтып, башка жерге көчүрүүнү талап кылып келишет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG