Коррупцияга шектелип жаткан Акматбек Келдибековдун жактоочусу Татьяна Чильникина мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу соттук териштирүүнү токтотуу боюнча сотко өтүнүч келтирди. Ал мындай өтүнүчтү бүгүн, 3-мартта Биринчи май райондук сотунда уланган сот отурумунда айтты. Сот Абдразак Боронбаев жактоочунун өтүнүчү менен таанышуу үчүн соттук териштирүүнү 10-мартка жылдырды.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 20-февралда Келдибековду үй камагына калтыруу боюнча чечим чыгарган. Ага чейин Башкы прокуратура ага каршы козголгон кылмыш иштин оор экенин жана айрым күбөлөргө басым көрсөтүлүшү мүмкүн экенин негиз кылып, аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алууну суранган.
“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Келдибеков коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, 2013-жылдын күзүндө камалган. 2014-жылдын августунда соттун уруксаты менен чет элге дарыланууга кеткен. Кыргызстанга 10-февраль күнү кайра келген. (UEz)