Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:25

Тажикстан: ислам партиясынын келечеги кыл учунда


Ислам кайра жаралуу партиясынын эн белгиси. Тажикстан.
Ислам кайра жаралуу партиясынын эн белгиси. Тажикстан.

Тажикстандагы парламенттик шайлоодо оппозициядагы исламчыл партия эмнеден жеңилип калды? Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчилиги бирди айтса, башкалар Жакынкы Чыгыштагы экстремист исламчылардын да кесепети тийгендигин белгилешүүдө.

Тажикстанда экинчи сапта турган, Борбор Азияда көзгө басар саналган жалгыз исламчыл партия жекшембидеги шайлоодо парламентке өтпөй калды.

Партия жеңилүүсүнүн себебин түшүнүп, мындан аркы пландары тууралуу ой калчап жаткан чакта, баяндамачылар буга бир канча себептер түрткү болгондугун айтышууда.

Эл арасындагы пикирлерге шайкеш келген көз карашты Дүйшөмбү шаарындагы саясий баяндамачы Рашид Гани билдирди. Анын сөзү боюнча, өлкөдөгү анти-исламдык маанай менен катар, Иракта "Ислам мамлекети" тобунун төбө чачты тик тургузган канкорлугунун маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылышы да тажикстандык исламчыл партиянын кендирин кести.

Рашид Гани тажик парламентинде оппозициядагы исламчыл партиянын болушу Тажикстандын көп партиялуу мамлекет деген имиджине оң таасир тийгизип келгенин белгилейт.

Ошол эле убакта баяндамачы күнөө исламчыл партиянын өзүндө болду деп эсептейт. Алар соңку жылдары шайлоочуларды кызыктыра турган демилгелер менен чыга алган жок деп билдирди Гани "Азаттыктын" тажик кызматына.

Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясы 1997-жылы, беш жылдык кандуу согуштан кийин, өкмөт менен оппозициянын ортосундагы бийлик бөлүшүү келишиминин негизинде түзүлгөн. Ал кезде исламчыл партиянын популярдуулугу аябагандай жогору эле. Бирок ал өкмөт диний мекемелерди катуу көзөмөлдөгөн системада басмайылын бекемдей албай көп чайналды.

2010-жылы мисалы, партиянын Дүйшөмбү калаасындагы мечити жабылып калды жана аялдар гана барган мечиттерге салынган тыюуну күчүнөн кетиртүү аракетинен майнап чыкпады.

Партия ошондой эле өзүнө каршы саясий «кысым» болгонун айтып келет. Анын ичинде бир нече мүчөсү парламенттик шайлоо алдында камакка алынып, бир нече жергиликтүү кеңсеси жабылып калды. Аймактык үч жетекчи 2-марттагы шайлоодон кийин кармалды.

Мындан тышкары, өткөн жылы бир нече секс-видеонун, анын ичинде партиянын белгилүү аял мүчөсүнүн жыныстык катнашын көрсөткөн тасмалардын интернетке чыгышы партиянын беделине көлөкө түшүрбөй койгон жок.

Бийликтер бул видеолордун тартылышына же анын кеңири жайылышына өзүнүн тиешеси жок экендигин айтып келет.

Соңку кыйынчылыктарга карабастан, партиянын башчысы Мухиддин Кабири Ислам кайра жаралуу партиясынын бедели көтөрүлөт деп ишенет. 2-марттагы шайлоодон кийин сүйлөгөн сөзүндө ал исламдык партияга тыюу салынат экен деген божомолдорго да кайрылып, бийликти мындай чукул кадамдарга барбоого чакырды:

- Дүйнөдө жана биздин региондо көп нерсе тез өзгөрүп жатат. Биздин элге жана исламга дүйнөдөгү ката саясат жүргүзүү кесепетинен пайда болгон "Ислам мамлекети" тобу, "ал-Каида" жана башка топтор коркунуч келтирүүдө. Бул коркунучтар менен күрөштө коом Кайра жаралуу партиясына муктаж.

Жекшембидеги шайлоодо парламентке бийликтеги Элдик Демократиялык партия менен катар өкмөтчүл Агрардык, Экономикалык кайра жаралуу жана Социалисттик партиялар гана мандат алышты.

Өкмөттү аз да болсо сынга ала койчу коммунисттер парламенттеги эки ордунан айрылды. Тажикстандагы көзгө басар секулярдык оппозиция саналган социал демократтар да эки пайызга жетпеген добуш менен ай талаада калышты.

XS
SM
MD
LG