Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Иракта Тикрит шаары үчүн салгылаш уланууда


Ирак аскерлери Тикрит шаарын “Ислам мамлекети” террорчул тобунан кайтарып алуу боюнча чабуулдарын улантууда. Ирак өкмөтү бул үчүн 30 миңден ашык аскерди мобилизациялады. Алардын катарында шийиттерге таандык “Хашид Шааби” тобунун жана “Ислам мамлекетине” каршы жергиликтүү суннилер жамаатынын өкүлдөрү да бар. Мамлекеттик телеканал тараткан маалыматка ылайык, өкмөт күчтөрү Багдаддан 130 километр алыста жайгашкан Тикрит калаасындагы согушкерлерге абадан жана жерден сокку урууда. Бүгүн бул калаанын түштүк тарабындагы Аль-Доур кыштыгы үчүн салгылаш жүрүүдө.

Ирак аскерлери согушкерлерди негизинен суннилер байырлаган Салахиддин шаарынан да кууп чыгууну көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG