Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:03

Ымыркайды сатты деп шектелгендерге кылмыш иши козголду


Үч айлык наристени сатты деп шектелген Бишкектин Тез жардам станциясынын эки кызматкерине “Адам сатуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Азаттыкка” ШИИБдин маалымат катчысы Олжобай Казабаев билдирди. Анын айтымында, иликтөө иштеринин жүрүшүндө Тез жардам кызматынын 50 жаштагы педиатр врачы жана 45 жаштагы медайым ымыркайды 20 миң сомго сатууга аракет кылышкан.

Учурда Биринчи май райондук милициясы тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Кылмышка шектелгендер убактылуу тергөө абагына камалды. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG