Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Бишкекте балдарды коргоого арналган акция өттү


“Балдарды коргойбуз – мамлекеттин келечегин сактайбыз!” деп аталган акция Ала-Тоо аянтында өттү. Бир катар активист айымдардын демилгеси менен уюштурулган бул иш-чарада мамлекеттик органдардан балдарга карата зомбулукту токтотуу иштерин жандантуу талабы коюлду. Жүздөй адам катышкан акцияда "Биздин балдар кимдир бирөөлөргө оюнчук эмес", "Абайлагыла, чоңдор!", "Үй-бүлөдөгү тынчтык сенден башталат" деген жазуулар көтөрүлүп турду.

Иш-чаранын соңуда президентке, парламентке жана өкмөткө кайрылуу кабыл алынып, анда балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын-алуу чараларын күчөтүү, балдар укугун коргоону күчөткөн мыйзамдарды кабыл алуу, балдар менен иштеген социалдык кызматкерлерге жетиштүү көңүл буруу сыяктуу талаптар жазылды.

Мындай акцияны уюштурууга өлкөдө сонку учурда балдарга кордук көрсөткөн окуялар тез-тез катталышы себеп болгон.

XS
SM
MD
LG