Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Баткенде касаптар иш таштады


Баткен шаарында 4 күндөн бери эт сатылчу жайлар жабык турат. Касаптар шаардагы жападан жалгыз мал союлуучу жерге төлөнчү баанын кымбат болуп жатышына жана малды өз үйлөрүндө союуга тыюу салынышына нааразы.

Касаптар менен жолугушууда Баткен райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Авазбек Балтабаев үй шартында союлган малдын эти талапка жооп бербегендиктен, базарда сатылуусуна уруксат берилбесин билдирди. Шаар жетекчисинин орун басары Адылбек Шадыманов болсо маселени чечүү үчүн дагы бир мал сойо турган жай ачуу мерчемделип жатканын айтты. Кечээ кечинде аяктаган бул сүйлөшүүнүн соңунда мал союлуучу жайда бир баш бодо мал үчүн мурдагыдай 700 сом эмес, 500 сом алына турган болду. Бирок буга карабай, бүгүн да шаарда эт саткан жайлар ачылган жок.

Баткен облусунун борбору - Баткен шаарында 30 миңдей калк жашайт. Анын тегерегиндеги айылдардын калкын кошо эсептегенде, бул шаардагы базарлар жалпысынан жүз миңдей адамды азык-түлүк менен камсыздап турат. (JsA/SM)

XS
SM
MD
LG