Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

АКШ генералы: Иран Тикритте «оң роль» ойношу мүмкүн


Америкалык генерал Ирактын Тикрит шаары үчүн согушта Иран оң роль ойношу мүмкүн деп эсептейт.

АКШнын бирдиктүү башкы штабынын жетекчиси генерал Мартин Демпсинин айтымында, эгер Ирактын түндүгүндөгү Тикрит шаарынан "Ислам мамлекети" экстремисттик тобун сүрүп чыгарууда Ирандын салымы «секталар аралык» каршылашууну күч алдырбаса, бул өлкөнүн Ирак армиясына көрсөтүп жаткан түз жардамын «колдоого алаарлык көрүнүш» деп эсептөө мүмкүн.

Сенаттын Куралдуу кызматтар комитетинде сүйлөгөн сөзүндө Демпси Тикритти алуу аракетине тартылган күчтөрдүн үчтөн экисин Иранда жайгашкан шиит согушкерлери түзөрүн, калган үчтөн бири Ирак армиясынын күчтөрү экендигин билдирди. Ирактын мурдагы диктатору, маркум Саддам Хусейн туулган Тикрит шаарында негизинен сунни мусулмандары жашайт. Ал эми Иран шииттердин өлкөсү.

XS
SM
MD
LG