Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Президент Медакадемия ректоруна чара көрүүнү тапшырды


Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Ашырали Зурдиновдун айланасындагы жагдайды териштирип, тиешелүү чараларды көрүүнү өкмөт башычы Жоомарт Оторбаевге жана башкы прокурор Индира Жолдубаевага тапшырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев билдирди.

Буга чейин “Азаттык” студенттерди кабыл алуунун коррупциялык жолдору тууралуу аталган окуу жайдын мисалында атайын иликтөө жасаган. (UEz)

XS
SM
MD
LG