Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:05

Румыния Молдовага газ бере баштады


Румыниядан Молдовага газ алып келүүчү түтүктөр
Румыниядан Молдовага газ алып келүүчү түтүктөр

Румыния Молдовага көгүлтүр от бере баштады. Ал арада Кишинев Орусиядан электр энергиясын сатып алууну азайтууга аракет кылууда. Молдованын тышкы иштер министри Наталья Герман Бухарестке жумуш сапарында батыштан чыгышка алгач ирет газ берилип жатканын билдирди.

Молдова буга чейин көгүлтүр отту негизинен Орусиядан алчу. Газ түтүктөрүн орнотуу иштерине каражаттын дээрлик баарын Румыния көтөрдү. Бухарест быйыл 16 миллион куб метр табигый газ берүүнү пландаган.

Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин ичинен Румыниянын өз аймагында өндүрүлгөн газ мамлекеттин керектөөсүнүн 85 пайызын жабат.

XS
SM
MD
LG