Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү өтүүдө


Кыргыз-тажик чек арасы. Эки мамлекеттин желегинин сүрөтү түшүрүлгөн такта.
Кыргыз-тажик чек арасы. Эки мамлекеттин желегинин сүрөтү түшүрүлгөн такта.

Өкмөт аралык жыйынга катышуу үчүн вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган топ шаршемби күнү Тажикстанга жөнөп кеткен. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сүйлөшүүлөр 7-мартка чейин созулат.

Жакында кыргыз өкмөтүнүн адистери Москвага барып, чек арага тиешелүү архивдик материалдарды алып келишкен. Кыргызстан менен Тажикстан талаштуу чек араларды тактоо кайсы жылдагы карта, документ менен жүргүзүлүшү керектиги боюнча азырынча орток пикир таба элек.

Буга чейин эки өлкө эки башка картаны сунуштап келген. Чектеш аймактардын жалпы узундугу 970 чакырымдан ашат жана теңинен көбү тактала элек. Анын айынан чек арада түрдүү жаңжалдар тез-тез болуп турат. (SE)

XS
SM
MD
LG