Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:19

Сахалин облусунун губернатору камалды


Александр Хорошавин
Александр Хорошавин

Орусиянын Сахалин облусунун губернатору Александр Хорошавинди 4-март күнү күч кызматкерлери Москвага кишендеп алып келишти. Ал 27-апрелге чейин камакта болорун, алдыдагы он күн ичинде расмий айып тагыларын мамлекеттик органдар билдиришти.

Аймакты бир топ жылдан бери башкарып келаткан губернатор паракорлукка айыпталууда. ФСБ анын үйүндө тинтүү жүргүзүп, ири өлчөмдө акча тапкан. Бирок бул боюнча кеңири маалымат бериле элек. Кабарларга караганда, Хорошавиндин “Росстрой” жана “Энергострой” курулуш компанияларындагы мыйзам бузууларга тиешеси болушу ыктымал. Бул эки фирманын жетекчилери салыктан качуу жана акчаны мыйзамсыз өздөштүрүү боюнча айыпталып, жумуштан алынган.

55 жаштагы Александр Хорошавин Сахалинди 2007-жылдан бери башкарып келет.

XS
SM
MD
LG