Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:21

Украина аза күтүүдө


Донецк облусундагы шахтада 33 кишинин өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу президент Петр Порошенко 5-мартты Украина аймагында аза күтүү күнү деп жарыялады. Засядко деп аталган шахтада шаршембиде болгон кырсыктан соң дайынсыз жоголгон 23 адамдын 16сы табылып, ооруканага жаткырылды.

Шахтада метан газы жарылган. Донецк облустук прокуратурасы бул боюнча “жумуш маалында коопсуздук чараларын бузуу” беренеси менен кылмыш иш козгоду.

XS
SM
MD
LG