Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:29

ИИМдин Жол-кайгуул кызматы Ала-Тоо аянтында 8-Март - Аялдар күнүнө карата машине айдаган аялдарды токтотуп, гүл, куттуктоо барагын тапшырат.

"Эртең саат 11де башталчу бул иш-чара майрам алдында аялдардын маанайын көтөрүп, жол эрежесин сактоо тууралуу эскертүү берүүнүн дагы бир ыкмасы", - деп билдирди "Азаттыкка" аталган кызматтын басма сөз кызматы.

Унааларды каттоо департаментинин маалыматына ылайык, ушул тапта Кыргызстанда каттоодон өткөн машинелердин саны 1,5 миллиондон ашат. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG