Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:30

Депутат чет элдик тыңчылар боюнча долбоор жылбай жатканын айтып чыкты


Турсунбай Бакир уулу

Турсунбай Бакир уулу

Жогорку Кеңештин жыйынында "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу эки жылдан бери чет элдик тыңчылар тууралуу мыйзам долбоорунда жылыш болбой жатканын белгилеп, парламенттин кийинки чакырылышы бул маселени карар-карабасына кызыкты.

"Мамлекеттик каналдан айрым бейөкмөт уюмдар долбоордун маңызын бурмалап, документти иштеп чыгуучуларды дайыма сындап келет. Мыйзам долбоору аялдар, майыптар менен иштеген уюмдарга эмес, саясатташкан бейөкмөт уюмдарга багытталган", - деди депутат

“Ар-намыс” фракциясынын үч депутаты: Турсунбай Бакир уулу, Надира Нарматова жана Нуркамил Мадалиев демилгелеп чыккан мыйзам долбоору жарандык коомдун катуу сынына кабылган. “Кылым шамы” жана “Ачык позиция” бейөкмөт уюмдары Жогорку Кеңештин депутаттарына жана төрагага кайрылуу жолдоп, ал мыйзам долбоорун кароодо эл аралык эрежелерге көңүл бурууга чакырышкан. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG