Ош облусунун прокуратурасы "Жабхат-ан-Нусра", "Катибат ал-Имам ал-Бухари", "Жаннат ошиклари" жана "Ислам мамлекети" уюмдарын террордук деп таанып, алардын Кыргызстандын аймагында иш алып баруусуна тыюу салуу арызын Ош шаардык сотуна киргизди.
"Жогоруда аталган уюмдар 2006-жылы Иракта 11 радикалдык топтун биригүүсүнүн натыйжасында түзүлгөнү аныкталды. Бул уюмдар Кыргызстандын жарандарын азгырып, Сирияга жөнөтүү менен алектенет" деп айтылат арызда.
Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдардын саны 12. Алар: «Хизб-ут Тахрир» уюму, «Түркстанды бошотуу кыймылы», «Чыгыш Түркстан ислам партиясы», «Түркстан ислам кыймылы», «Өзбекстан ислам кыймылы», «ал-Каида» уюму, «Талибан кыймылы», «Күртстан Элдик Конгресси» жана «Жихад топтору». Андан сырткары, Вахабий, Акрамий сыяктуу агымдарга да тыюу салынган. (ZMa)