Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Ош: мэрияга жети кылмыш иши козголду


Ош шаары
Ош шаары

Эсеп палатасы Ош шаардык мэриясы 2013-жылкы бюджетти аткарууда 62 млн. сомдук финансылык тартип бузууга жол бергенин айтууда. Ага ылайык 7 факты боюнча кылмыш иши козголгону да дайын болду. Ал кезде Мырзакматов мэр болуп турган.

Ош шаардык кеңешиндеги “Улуттар биримдиги” фракциясынын мүчөлөрү муну мурдагы мэр Мелис Мырзакматовду каралоо, бийликтин шайлоого даярдыгы деп баалашууда.

Ошол эле кезде шаар бийлиги ал каражаттар кайра ордуна коюларын, каржылык тартип бузуу фактысына экс-мэр Мырзакматовдун тиешеси жоктугун билдиришүүдө.

Эсеп палатасынын эсеби

Эсеп палатасы Ош шаардык мэриясынын 2013-жылдагы бюджетти аткаруудагы кемчиликтерин жарыялады. Маалыматта эки жыл мурунку бюджеттин аткарылышынан 62 млн. сомго жакын финансылык тартип бузуу табылган. Кагазга түшпөй калган 62 млн. сомдун 24 млн. сому текшерүүдөн кийин документтештирилип, орду табылган. Ал эми 37 млн. акчанын азырынча дайын чыга элек. Ош шаардык каржы башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Абдыкадыровдун айтымында, жалпы сумманын 85%ы шаардагы төрт гана ишканага тиешелүү.

- Ош шаарындагы 42 мекеме текшерүүгө алынган. Анын ичинен өзгөчө ири суммадагы мыйзам бузуу төрт ишканадан табылды. Ош шаардык курулуш башкармалыгынан 19 млн, шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынан 25 млн, мэриянын өзүнөн 4.5 млн, шаардык жолдор башкармалыгынан 4 млн. сом кем чыккан. Калган 38 мекемеден жалпы 8 млн. сомго жакын финансылык тартип бузуу фактысы аныкталган.

Ош мэриясы каржылык мыйзам бузуулардын эсебин толуктоого убада берүүдө
Ош мэриясы каржылык мыйзам бузуулардын эсебин толуктоого убада берүүдө

Шаардын мурунку жетекчилигине карата дал ушул каржы маселесинен улам жалпысынан 7 кылмыш иши козголгон. Анын үчөө каржы полициясынын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кароосунда болсо, дагы төрт факты боюнча кылмыш иши Ош шаардык прокуратурасы тарабынан тергелип жатат. Ош шаарынын прокурорунун биринчи орун басары Рысбек Кулов каржылык тартип бузууга жол берген жетекчилер каражатты калыбына келтиргенине карабай соттолот дейт.

- Эсеп палатасы текшерген. Анын актысынын негизинде 4 факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Ош шаардык муниципалдык башкармалыгынан аныкталган эки кылмыш иши бириктирилди. Биз ал мыйзам бузуулар калыбына келтирилгенине карабай, факты боюнча ишти сотко өткөрөбүз. Калганын сот чечет.

Мырзакматовду каралообу?

Шаардагы “Улуттар биримдиги” партиясы Эсеп палатасынын маалыматын шайлоого карата даярдык деп атоодо. Шаардык Кеңештеги "Улуттар биримдиги" партиясынын фракция жетекчиси Рысбек Мирзаматов:

- Буга чейин да текшерилген. Мен билгенден Эсеп палатасы жыл сайын эле текшерип турат. Эми муну пландык текшерүү деп жатышат. Бирок мунусун мен түшүнгөн жокмун. Менин баамымда бул Мырзакматовду каралоо аракети. Мунун баары шайлоого байланыштуу болуп жатат.

Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов
Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов

Шаардык каржы башкармалыгынын айтымында, 62 млн. сомдун көпчүлүгү желинип кеткен эмес. Бирок жумшалган каражаттарды каттоодо шалаакылыктарга жол берилген. Азырынча иш козголгон жети факты боюнча эч кайсыл жетекчинин аты атала элек. Ош шаарынын вице мэри Замир Аскаровдун айтымында, эсеп палатасынын маалыматын Мелис Мырзакматовдун аты менен байланыштыруу туура эмес.

- Биз Мырзакматовдун ишин талкуулаган жокпуз. Биз бүгүн Ош шаардык мэриясынын жана ага караштуу бюджеттик мекемелердин 2013-жылдын бюджетин аткаруусу боюнча Эсеп палатасынын эскертүүсүнүн негизинде коллегиялык отурум жүргүзүп атабыз. Муну Мырзакматовдун үстүнөн деп түшүнүү туура эмес. Анткени ал Ош шаарынын мэри болуп иштеген. Мисалы, бул жерде аты аталган капиталдык курулуш, жолдор башкармалыгы деген ишканалардын жетекчилери башка кишилер. Бул жерде Мырзакматовдун тиешеси жок. Мында айтылган кемчиликтердин баары Мырзакматовго тиешелүү деген кептен алыс болушубуз керек.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 62 миллиондон калган 37 миллиондук каржылык тартип бузууларды 15-мартка чейин калыбына келтирүүнү шалаакылыкка жол берген 42 мекеме жетекчилерине милдеттендири. Бирок бул сумма казынага кайра кайтуусу күмөн. Анткени 17 миллион сом 2013-жылда болгон ири курулуштарды ашыкча баалоодон жаралган деген жыйынтык бар.

XS
SM
MD
LG