Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:50

"Себат" лицейи эшек эти колдонулганын төгүндөөдө


Кыргыз-түрк "Себат" билим берүү мекемеси түркиялык басылмага чыккан Токмоктогу лицейде балдарга эшек эти берилгени жана балдар андан ууланганы тууралуу маалыматты жалган жалаа деп бул гезитти сотко бергени жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" мекеменин директору Нурлан Кудайбердиев билдирди.

Директордун айтымында, "Себатта" балдардын тамак-ашына эшек эти колдонулган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Кудайбердиев эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчилиги тартип коргоо органдарына кайрылып, бул окуяны иликтөөгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөнүн айтты. Директор бул иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча мекеменин ар-намысын коргоо тууралуу сотко арыз жолдоно турганын кошумчалады.

Жакында эле түркиялык басылмалардын бири лицейде балдар эшек этин жеп алып ууланган деген маалымат тараткан. Мамлекеттик санэпидемкөзөмөлдүн тыянагы боюнча балдар быштактан ууланган. Ал быштактан стафилококк табылган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG