Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Жолдошева "Себат" лицейлерин жабууну сунуштады


Жогорку Кеңештин жыйынында Токмоктогу кыргыз-түрк "Себат" лицейин текшерүүнүн алгачкы жыйынтыктары талкууланды. КСДП фракциясынан депутат Эркин Сакебаев мекемеде санитардык-гигиеналык нормалары канааттандырарлык эместигин билдирди. "Ата-Журт" фракциясынан депутат Жылдыз Жолдошева Кыргызстан боюнча "Себаттын" мектептерин жабууну сунуштады.

Жолдошева бул окуу жайларын тартип коргоо органдары, же өкмөт түзгөн комиссия текшерип чыгышы керектигин да айтты.

Депутат Төрөбай Зулпукаров болсо "Себатты" жабуу тууралуу сөз болбош керектигин, тескерисинче өлкөдө күчтүү мектептердин ачылышына түрткү берүү зарылдыгын айтты. (ZMa)

XS
SM
MD
LG