Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:45

Паспортторду берүү функциясын Мамлекеттик каттоо кызматынан алып, Ички иштер министрлигине өткөрүүнү парламенттин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров сунуштады. Анын айтымында, Каттоо кызматы миңдеген паспортторду мыйзамсыз берүүдө. "Коомдо ал жерде паракорлор гана отурат деген пикир калыптанган. Ошондуктан паспорт берүү укугун ИИМге өткөрүп бериш керек", - деди Зулпукаров.

Жакында эле Мамлекеттик каттоо кызматы жана Социалдык фонд тарабынан 2014-жылы 7 миңден ашуун жалпы атуулдук паспорт жана идентификациялык номерлер мыйзамсыз берилгенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет айтып чыккан. Мамлекеттик каттоо кызматы бул маалыматты жокко чыгарып, былтыркы жылкы паспорттор өлкө жарандарына мыйзам чегинде берилгенин айткан.

Кыргызстан боюнча былтыр 2014-жыл ичи 495 миң 375 паспорт берилген. Алардын 300 миң 675 ички ID паспорту, 194 миң 670 жалпы жарандык паспорт түзгөн. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG