Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

Сеулда АКШ элчисине кол салуу болду


Кол салууга кабылган элчи Марк Липперт. Сеул, 5-март, 2015.

Кол салууга кабылган элчи Марк Липперт. Сеул, 5-март, 2015.

Сеулда АКШнын Түштүк Кореядагы элчиси Марк Липпертке кол салуу болду. Ал тамактанып жатканда бир адам чуркап келип, бычак шилтеген. Бети жана кол тилинген элчи ооруканага жеткирилди. Анын өмүрүнө коркунуч жок.

Кол салган адам корейлердин улуттук кийимичен болгон жана “Эки Корея биригиши керек” деп кыйкырган. Ал ошондой эле кармалган соң да ушул аптада башталган АКШ менен Түштүк Кореянын аскердик машыгууларына да каршы экенин билдирген.

Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Ван Гу окуя боюнча өкүнүчүн билдирди. Ал эми АКШ Мамлекеттик департаменти окуяны сынга алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG