Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:45

Йеменде туткундалган ирандык дипломат бошотулду


Йеменде 2013-жылы туткундалган ирандык дипломат бошотулду. Ирандын мамлекеттик ИРНА агенттиги билдиргендей, Нур-Ахмад Никбахт 5-мартта өз мекенине кайтып келди. Ал 2013-жылы июлда Йемендин борбору Санада уурдалган эле. Бул үчүн Иран бийликтери "аль-Каида” террорчул тобун күнөөлөп келген.

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Хусейн Амир Абдуллаханинин айтымында, дипломат коопсуздук күчтөрүнүн атайын операциясынын негизинде согушкерлердин колунан бошотулду.

Йеменде да чет өлкөлүк жарандарды уурдоо бат-бат катталып турат, көбүнчө жергиликтүү уруулардын өкүлдөрү аларды түрмөдө отурган туугандарына алмаштырууну талап кылышат.

Йеменде шиит козголоңчулары борбор калаа Сананы ээлеп алып, президент менен өкмөт башчыны кызматтан кетиргенден кийин, кырдаал чукул курчуп кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG