Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

Орусиянын түштүгүндө аскердик машыгуу башталды


Орусиянын түштүгүндө Крым жана Грузия жикчил аймагы катары санаган Түштүк Осетия менен Абхазиянын аймагында кеңири аскердик машыгуу өткөрүүдө. Орусиянын түштүк аскердик округунан кабарлагандай, машыгууга 2000ге жакын аскер катышууда. Абадан коргонуу бөлүктөрүнүн машыгуусуна 500дөн ашык оор техника тартылган.

Орусия чыгышында буга чейин өткөн аскердик машыгуу коңшулардын тынчсыздануусун жараткан эле. Анда 100 миңге жакын аскер кызматкери катышкан.

Орусия былтыр март айында Крым жарым аралын референдум өткөрүп, аннексиялап алган. Кремл анын артынан эле Чыгыш Украинада башын көтөргөн жикчилдерди колдой баштагандан кийин Орусия-Батыш арасындагы мамиле бузулган эле.

XS
SM
MD
LG