Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Орусияда “Макдоналдс” менен “Кока-Коланы” өлкөдөн чыгаруу сунушталды


Орусия Мамлекеттик Думасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Алексей Пушков америкалык “Макдоналдс” жана “Кока-Кола” компанияларын орус базарынан чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу депутат “Твиттердеги” баракчасына жазып чыкты.

“Макдоналдс” менен “Кока-Кола” Обаманын санкцияларын колдоп, өз продукциясын бизден арылтпайбы? Алар принципти сактаган болот, биздин ден соолубуз чың болот”, - деп жазды Пушков.

Ушул аптада АКШ президенти Барак Обама Украинанын чыгышындагы окуядан улам Орусияга киргизген санкциянын мөөнөтүн дагы бир жылга узарткан эле.

Былтыр августтан тарта Орусиянын Роспотребнадзор мекемеси америкалык тамактануу жайларын текшере баштаган. Анын жыйынтыгында айрым жайлар жабылган эле.

Расмий маалымат боюнча, Орусияда “Макдоналдстын” 450дөн ашык рестораны иштейт.

XS
SM
MD
LG