Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Укук коргоочулар бала зордукталганда тараптар элдешип алуусуна каршы


Бир катар бейөкмөт уюмдар депутаттардан Кылмыш-процессуалдык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизип, балдарды зордуктоо тууралуу кылмыш иш каралып жатканда тараптардын жарашып алуусун алып салууну талап кылышты. Бул тууралуу укук коргоочулар тараткан билдирүүдө айтылат.

"Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча КЭУ ассоциация", "Балдарды коргоо борбору" КФ, "Адилет" укуктук клиникасы, "Y-PEER тең окутуу жаштар түйүнү" тараткан билдирүүдө жабырлануучу тарап "дооматым жок" деп арыз жазып берсе иш сотто каралбай калып жатканына нааразылыгын билдиришти.

Акыркы убактарда балдарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көп болуп жатышы коомчулукту тынчсыздандырууда. Буга байланыштуу балдарды коргоого арналган бир нече акциялар, иш-чаралар өткөрүлүп келатат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG