Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

Түндүк Корея АКШ элчилигине кол салууну “адилеттүү жаза” деп атады


Түндүк Корея Сеулда АКШ элчиси Марк Липпертке кол салууну "америкалык милитаристтер үчүн адилеттүү жаза” деп атады. Бул тууралуу өлкөнүн борбордук Телеграф агенттигинин билдирүүсүндө айтылат.

АКШ элчиси бүгүн эртең менен расмий иш-чарага катышкан соң тамак ичип жатканда бир адам чуркап келип, бычак шилтеген. Бети жана колу тилинген элчи ооруканага жеткирилди. Дарыгерлер анын жарааттарын тикти. Учурда элчинин өмүрүнө коркунуч жок.

Кол салууга шектелип 55 жаштагы адам кармалды. Ал 2010-жылы Жапониянын элчисин таш менен урганы үчүн жазага тартылганы белгилүү болду.

Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе бул аракетти “эки өлкө ортосундагы кызматташтыкка кол салуу” деп атады.

Эки өлкө ушул апта башында АКШ менен Түштүк Кореянын аскердик машыгууларын баштаган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG