Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:03

Ооганстан: согушкерлер арасында кыргыздар болгону кабарланды


Ооган коопсуздук күчтөрү өлкө түштүгүндөгү жок кылынган согушкерлер арасында борбор азиялыктар бар экенин айтып чыгышты.

Операция февралда туткунга алынган хазара улутундагы 30 адамды бошотууга багытталган. Забул провинциясындагы жергиликтүү чиновниктердин айтымында, операция маалында 50гө жакын согушкер жок кылынган. Ал эми ооган армиясынын генералы Абдул Хамиддин айтымында, жок кылынгандардын 21и чет өлкөлүктөр, көпчүлүгү кыргыздар болгон. Каза болгон согушкерлердин бири кыргыз аял. Жараат алгандар арасында да кыргыздар болгон.

Согушкерлер арасында казактар да бар экени кабарланууда.

Ал эми Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү мындай маалымат түшө электигин кабарлаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG