Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:11

ТИМ: Оогандагы согушкер кыргыздар боюнча маалымат такталууда


Ооганстанда жок кылынган согушкерлер арасында кыргызстандыктар болгону тууралуу маалымат такталып жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, министрлик Кыргызстандын Кабулдагы элчилигине бул маалыматты тактоого тапшырма берди.

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү түштүктөгү туткунга түшкөндөрдү бошотуу операциясы учурунда 50дөй согушкер жок кылынганын кабарлаган. Алардын арасында орусча сүйлөгөн кыргыз жана казак улутундагы адамдар бар экени айтылган.

XS
SM
MD
LG