Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Керри Перси булуңундагы өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолукту


Жон Керри
Жон Керри

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Кошмо Штаттар Ирандын Жакынкы Чыгыштын туруктуулугуна доо кетиришине жол бербей турганын айтты. Бул тууралуу бүгүн Керри Эр-Риядда Сауд Арабиянын падышасы жана Перси булуңундагы өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолуккан соң билдирди. Анын айтымында, Иран менен дүйнөнүн ири өлкөлөрү өзөктүк программа боюнча мунаса табуу аракетин улантууда.

Бирок Жакынкы Чыгыштагы Араб өлкөлөрү Иран өзөктүк куралга ээ болуп, аймактагы таасирин күчөтөт деп чочулашат. Эки күн мурун Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ Конгрессинде сөз сүйлөп, Ирандын өзөктүк программасы Жакынкы Чыгышка коркунуч туудурарын эскерткен эле.

XS
SM
MD
LG