Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

“Жеңиштин ысымдары” аттуу мөөнөтсүз акция башталат


Экинчи дүйнөлүк согуш учуру. Польша.
Экинчи дүйнөлүк согуш учуру. Польша.

Жеңиштин 70 жылдыгына карата “Замандаш” ассоциациясы 6-марттан тарта “Жеңиштин ысымдары” деген аталышта мөөнөтсүз акция баштайт.

Активист Каныбек Мырзакановдун демилгеси жана “Замандаштын” колдоосу менен уюштурулуп жаткан иш-чарада согушта жоголгон кыргызстандыктарды издөө иштери жүргүзүлөт. Аларга Орусия, Украина, Польша, Чехия жана Беларустагы мекендештер көмөк көрсөтүшөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюмдун координатору Азамат Айтбаев билдирди:

- Дайынсыз кеткендерди издеп табуу оңой иш эмес. Ошондуктан акцияны мөөнөтсүз жарыяладык. Издөө иштеринин жыйынтыгын ай сайын коомчулукка кабарлап турабыз. Алгачкы жыйынтыктарды быйыл 9-майда билдиребиз, - деди Айтбаев.

Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 363 миңден ашуун адам катышкан. Алардын 130 миңи курман болгон. “Замандаш” уюмунун маалыматы боюнча 5 миңдейи дайынсыз жоголгон. (SE)

XS
SM
MD
LG