Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:01

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары кызматтан кетүүгө арыз жазды


Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев өз каалоосу боюнча кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу министр Талантбек Батыралиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Калиев учурда ооруканада жана анын арызын өкмөт башчысы кабыл ала элек. Ал кызматтан кетүүсүн ден соолугунун начардыгы менен байланыштырган.

Марат Калиев 1972-жылдын 8-сентябрында төрөлгөн. Ал 2012-жылдын 7-февралынан бери саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп иштеп келген. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG