Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:47

Президент аялдарды куттуктады


Президент Атамбаев Энелер күнүндө, 15-май, 2014.

Президент Атамбаев Энелер күнүндө, 15-май, 2014.

8-март - аялдардын эл аралык майрамына карата өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев куттук жолдоду.

"Жаз менен кошо кирип келген бул майрамды баарыбыз кубануу менен белгилейбиз. Үй-бүлө очогунун сактоочулары болгон кымбаттуу апаларга бизге өмүр бергени үчүн терең таазим кылып, аялзатынын талыкпас эмгегине, чыдамкайлыгына чын жүрөктөн ыраазычылык сөздөрдү айтабыз", - деп айылат анда.

Президент ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун бардык оорчулугун кошо көтөргөн ардагер аялдарга өзгөчө ыраазычылык билдирип, бул апалар эркектер менен катар фронтто салгылашып, тылда иштеп, өлкөнү калыбына келтирип, келечек муунду тарбиялаганы үчүн терең таазим кылаарын белгилеген. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG