Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Атамбаев ЮНИСЕФтин өкүлү менен балдар маселесин талкуулады


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев БУУнун балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өлкөдөгү өкүлү Юки Мокуону кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда ЮНИСЕФ менен Кыргызстандагы балдардын абалын жакшыртуу, алардын укуктарын жана билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн мындан ары ар тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы балдар өзгөчө камкордукка алынып, алар мамлекеттин, коомдун жана үй-бүлөнүн коргоосунда болууга тийиш экендигин баса белгилеп, өлкөдө балдардын абалын жакшыртуу үчүн мындан ары да ЮНИСЕФ менен биргелешкен иштерди жүргүзүүгө ишенимин билдирди.

Укук коргоочулар соңку мезгилдерде зордук-зомбулукка кабылган балдар көбөйгөнүн айтып, тиешелүү органдарды алардын укугун татыктуу коргоого үндөп келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG