Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:57

Уюлдук телефондордун сим-карталарын каттоо 8-августка чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик байланыш кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, өлкөдөгү уюлдук операторлордун бардыгы мобилдик номурларды персоналдаштыруу ишин белгиленген мөөнөткө чейин бүтүрө алышкан эмес.

Өкмөттүн “Зымсыз радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, 8-мартка чейин бардык сим-карталар каттоодон өтүшү керек болчу. Эми 8-августка чейин катталбаган номурлар өчүрүлөт.

Сим-картаны паспорт менен сатуу тартиби бир катар мамлекеттерде бар. Кошуна өлкөлөрдөн Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстанда бул эреже бир топ жылдан бери колдонулат. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG